Кыргыз Республикасынын Президентинин
2009-жылдын 15-январындагы
ПЖ N 32 жарлыгы менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы
жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" деген
ар жылдагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
ЖОБО
(КР Президентинин
2009-жылдын 28-декабрындагы ПЖ N 611 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" деген ар жылдагы сыйлыгы (мындан ары - Сыйлык) чыгармачылык жана ойлоп табуу иши жагында өзгөчө сиңирген эмгегин жана жетишкендиктерин жогору баалоо катары интеллектуалдык менчик обьекттеринин түзүүчүлөрүнө (мындан ары - автор жана ойлоп табуучу) ыйгарылат.
2. Сыйлык Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен жеке бир авторго жана бир ойлоп табуучуга 26-апрель - Интеллектуалдык менчик күнүнө карата ыйгарылат.
3. Сыйлыкка татыктуу болгон адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чыгармачылыктагы жана ойлоп табуудагы жетишкендиктери үчүн" деген сыйлыгынын лауреатынын наамы ыйгарылат, диплом жана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы тарабынан бөлүнүүчү 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты берилет.
4. Бир эле автор же ойлоп табуучу Сыйлык алууга үчтөн көп эмес жолу изденүүчү боло алат.
5. Сыйлык ошол эле бир адамга бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.
6. Сыйлык авторлорго жана ойлоп табуучуларга алардын жашаган жерине карабастан ыйгарылат.
7. Сыйлыкты ыйгарууга изденүүчүлөрдүн талапкерлиги боюнча документтер Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына жыл сайын 31-декабрга чейин берилет.
(КР Президентинин 2009-жылдын 28-декабрындагы ПЖ N 611 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Сыйлыкты ыйгарууга талапкерлерди тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
9. Комиссия Сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алат жана Сыйлык ыйгарылуучу жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет.
10. Сыйлыкка татыктуу болгон адамдарга Сыйлыктын диплому жана акчалай бөлүгү салтанаттуу түрдө тапшырылат.
11. Сыйлыкты ыйгаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
12. Сыйлык боюнча уюштуруу жактан жана башка маселелер Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына жүктөлөт.
Утверждено
Указом Президента
Кыргызской Республики
от 15 января 2009 года N 32
ПОЛОЖЕНИЕ
о присуждении ежегодной премии Президента
Кыргызской Республики "За достижения
в творчестве и изобретательстве"
(В редакции Указа Президента КР
от 28 декабря 2009 года УП N 611)
1. Ежегодная премия Президента Кыргызской Республики "За достижения в творчестве и изобретательстве " (далее - Премия) присуждается создателям объектов интеллектуальной собственности (далее - автор и изобретатель) как высшее признание особых заслуг и достижений в области творческой и изобретательской деятельности.
2. Премия присуждается Указом Президента Кыргызской Республики одному автору и одному изобретателю персонально к Дню интеллектуальной собственности - 26 апреля.
3. Лицам, удостоенным Премии, присваивается звание лауреата премии Президента Кыргызской Республики "За достижения в творчестве и изобретательстве", вручаются диплом и денежные средства в размере 50000 (пятьдесят тысяч) сомов, выделяемые Государственной службой интеллектуальной собственности Кыргызской Республики.
4. Один и тот же автор или изобретатель может быть соискателем на присуждение Премии не более трех раз.
5. Премия может присуждаться одному и тому же лицу не более одного раза.
6. Премия присуждается авторам и изобретателям независимо от места их проживания.
7. Документы по кандидатурам на соискание Премии представляются в Государственную службу интеллектуальной собственности Кыргызской Республики в срок до 31 декабря ежегодно.
(В редакции Указа Президента КР от 28 декабря 2009 года УП N 611)
8. Отбор кандидатур на присуждение Премии осуществляется на конкурсной основе.
9. Комиссия принимает решение о присуждении Премии и вносит на рассмотрение Президента Кыргызской Республики до 1 марта того года, когда присуждается Премия.
10. Лицам, удостоенным Премии, в торжественной обстановке вручаются диплом и денежная часть Премии.
11. Указ Президента Кыргызской Республики о присуждении Премии публикуется в средствах массовой информации.
12. Организационные и иные вопросы по Премии возлагаются на Государственную службу интеллектуальной собственности Кыргызской Республики.